Бабанов бүгүн Кыргызстанга кайтып келет — депутат Казакбаев

Өмүрбек Бабанов аэропортто

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев «Клоопко» билдиргендей, мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга 9-августта кайтып келет.

Депутаттын айтымында, Бабанов «Аэрофлот» авиакомпаниясынын каттамы менен саат 14:30да «Манас» аэропортуна конот.

Бабановдун өкүлү мурдагы президенттикке талапкер Москванын «Шереметьево» аэропортунда паспорттук көзөмөлдөн өткөнүн 24.kgге кабарлаган. «Ал паспорт көзөмөлдөө пунктунан өттү, учакты күтүүдө», — деди ал.

УКМК 8-августта эгер Бабанов Кыргызстанга кайтып келе турган болсо кармалаарын билдирген. Ал эки кылмыш иши боюнча айыпталуучу болуп өтүүдө — «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандыктарды даярдоо» айыптары боюнча. Бирок экинчи иш азырынча токтотулуп турат.

Мурдараак, 2019-апрелде Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келе турганын кабарлаган. Ал кайтып келем деп жаткан күнү учак билетинин сүрөтүн жарыялаган. Бабановдун тарапташтары аны аэропорттон тосуп алууга камданышкан, бирок ал сапарын кайра токтотуп койгон.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Шайлоодо Жээнбековдон утулган соң саясатчы Кыргызстандан чыгып кеткен. Кийинчерээк анын үстүнөн кылмыш иши козголгон.