Күндүн сүрөтү: УКМКнын кызматкерин акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Ниязбекти акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Сүрөт: АКИпресс

Бишкекте 9-августта УКМКнын Атайын даярдыктагы бөлүгүнүн башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Маркумдун зыйнатына президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев келген.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, Ниязбековго көзү өткөндөн кийин полковник наамы берилген. Анын артында төрт баласы калды.

Ниязбеков 7-августта Кой-Таш айлында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү боюнча ийгиксиз өткөн атайын операция учурунда жарадар болгон. УКМК Ниязбековго снайпер куралынын ок тийген деп айтууда — ок анын бронежилетин тешип кеткен. Экспертиза бул версияны тастыктап же төгүндөшү керек.

Укук коргоо органдары «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгошту.