«Форумдун» имараты камакка алынды — «Апрель» телеканалынын иши үзгүлтүккө учурады

Тергөөчү спецназдын коштоосунда Бишкектеги «Форумдун» имаратына болжолдуу саат 19:40та келген. Алар КСДПнын өкүлүнө Биринчи май райондук сотунун имаратты камакка алуу боюнча чечимин көрсөтүшкөн.

Андан кийин спецназдын жоокерлери «Апрель» телеканалынын кеңсесине кирип барышып, журналисттерге жана алып баруучуларга имараттан бир нече мүнөттүн ичинде чыгып кетүүлөрү керектигин билдиришкен.

«Бизге күрөшүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Спецназ кирип, “Бул жактан чыгып кеткиле. Чыккыла же биз силерди чыгарабыз” деп айтты. Коллективдин [коопсуздугу] менен тобокел кыла албадык. Эфирсиз деле иштей беребиз», — деп билдирди «Апрелдин» директору Дмитрий Ложников.

Атайын багыттагы бөлүктүн кызматкерлери журналисттерди имараттан чыгарып, телеканалдын кеңсеси орун алган кабаттагы бардык бөлмөлөргө мөөр басышкан.

«Клооп» Ички иштер министрлигинин да, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы менен да байланыша алган жок.

А бирок ИИМ «Апрелдин» мүлкүнө арест салуу сотко чейинки өндүрүш менен байланыштуу болгонун кабарлаган.

«Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык алдыдагы тергөө иш-чараларынын негизинде Атамбаевдин тарапташтары суракка алынат», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

«Апрель» телеканалынын журналисттеринин маалыматы боюнча, спецназдын рейдинин негизинде «Европа Плюс» үналгысынын жана «7 каналдын» иштери да үзгүлтүккө учураган.

Телеканалдын ишинин токтотулушу мурдагы президент кармалгандан эртеси күнү болду. «Апрель» Атамбаевге таандык жана анын Сооронбай Жээнбеков менен болгон араздашуусунун шартында мурдагы президенттин позициясын чагылдырып турган.