«Ачык саясат» гезитинин редактору жана анын күйөөсү Кой-Таштагы окуядан улам ИИМде сурак беришти

Назгүл Мамытова

«Ачык саясат» гезитинин редактору Назгүл Мамытова жана күйөөсү Фархад Борукеев 11-августта ИИМге суракка чакырылышкан. Алардан эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алынган. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоо үчүн ачылган «Элдик штабдын» кызматкери Гүлиза Чудубаева «Клоопко» билдирди.

«Мамытова суракка күбө катары чакырылган, ал эми анын күйөөсүн спецназчылар менен Атамбаевдин тарапкерлерин арачалап жаткан сүрөтү үчүн чакырышкан. Ал спецназчыларга тийбегиле деп жаткан. Азыр иликтөө жүрүп жатат», — деди Чудубаева.

Ошондой эле гезиттин журналисти Нуркыз Бакасова да суракка чакырылган.

Мурдараак укук коргоо органдары 7-августта Атамбаевдин үйүн штурмга алуу ийгиликсиз болуп калган учурда спецназчыларды барымтада кармоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгошкон.

Бул иш боюнча мурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов октябрга чейин камакта калтырылган.

Атамбаевдин башка да белгилүү тарапкерлери суракка чакырылган — депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, КСДПнын расмий өкүлдөрү Кундуз Жолдубаева жана Темирлан Султанбеков. Ошондой эле мурдагы президенттин үй-бүлө мүчөлөрү да сурак берип чыгышкан — баласы Сейитбек жана тууганы Нурбек Шаршеев.