Баткен милициясы 45 кг чукул баңгизаттын ээсине издөө салды

Мөмө-жемиштерди кароо маалы. Сүрөт: Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 4-августта табылган 45 килограммга чукул баңгизаттын ээсине издөө жарыялады. Бул тууралуу «Клоопко» облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

«Жүктүн ээси Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды. Анын жүргөн жерин аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деди Юсупова.

Фейсбуктагы группаларга 11-августта Panriot Cassas аттуу колдонуучу баңгизат Исфана шаарынын вице-мэри Зафаржон Камаловго таандык деп билдирүү жарыялаган. Облустук милициянын басма сөз кызматы «бул маалыматты фейк аккаунт таратканы үчүн чындыкка дал келбейт» деп мүнөздөдү.

Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагынан 4-августта мөмө-жемиштерди жүктөп чыккан «Вольво» унаасы Орусияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө багыт алган. Милиционерлерге аталган жүккө байланыштуу анонимдүү маалымат келип түшүп, аны тактоо максатында ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлгөн.

Унаа Кара-Көл шаарынан токтотулуп, аны тинтүүгө алган учурда мөмө-жемиштердин арасынан 44 килограмм 300 грамм героин табылган. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу милиционерлерге көрсөтмө берип, жүктүн ээси эмес экенин билдирген.

Аталган факт Кадамжай райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.