Транспорт министрлиги: Маданият – Жалал-Абад жолунун курулушун каржылоо августта жанданат

"Азаттыктын" сюжетинен алынган скриншот

Социалдык тармактарда 7-августта тасма жарыяланып, анын автору Ош — Бишкек жолунун Маданият — Жалал-Абад бөлүгүндө жол куруу иштери токтоп калганын билдирип, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып жатканын айткан.

«Жолдон айдоочулар араң айдап өтүп жатышат. Казылган бойдон калган. Чаң баскан жолдо, чаң жутуп жашап келебиз. Бир да техника, бир да жол оңдогон кызматкер көрүнбөйт. Иш апрель айынан бери тоткоп турат. Ким көзөмөлдөйт? Эмне үчүн мынтип таштап кетишкен?», — деп суроо салган видеонун автору.

Жол курууну ишке ашырып жаткан азербайжандык Azvirt компаниясынын Кыргызстандагы филиалынын башчысы Низами Гараисаев иш дээрлик жүрбөй жатканын «Азаттыка» тастыктаган. Анын себебин Гараисаев каржы бөлүнбөй жаткандыгы менен байланыштырды.

«Акча жоктугунан жумуштарды жасай албай жатабыз. Жергиликтүү жумушчуларга май айынан, азербайжандык жумушчуларга апрель айынан бери маяна бере албай атабыз. Жумушчуларга банктан насыя алып төлөп берип турсакпы деген пландар бар. Антпесек, керектүү кадрлар башка жакка кетип жатат», — деген компаниянын башчысы жалпы жонунан 400дөн ашуун жумушчу айлык акысын ала албай жатканын кошумчалады.

Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан «Клоопко» аталган долбоорду каржылоо токтоп турганын тастыкташты. Анткени, Евразиялык банк 26-апрель күнү финансы министрлигине аталган долбоор боюнча баштапкы эсеп документтерин изилдеп чыкканга чейин инвестициялык кредитти каржылоону токтото турганын маалымдаган.

«Финансы министрлиги банкка жалданмачынын жана консультанттын төлөмдөрүнүн төлөө билдирмесин жөнөткөн, бирок алар азыркы күнгө чейин төлөнө элек», — деп билдиришти министрликтен.

Буга байланыштуу транспорт министри банктын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында Евразиялык банк каржылоону август айында жандантууну убадалаган.

Маданият — Жалал-Абад жолунун курулушу 2018-жылы июнда башталган. Тендерди азербайжандык Azvirt компаниясы утуп, 67 чакырым жолдун салынышын 52 млн долларга баалаган. Жол 2020-жылга курулуп бүтүшү керек.