Аскер прокуратурасы Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаеванын үйүндө тинтүү жүргүзүүдө

Кундуз Жолдубаева

КСДПнын төрайымынын орун басары жана Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү Кундуз Жолдубаева «Клоопко» Аскер прокуратурасы үйүндө тинтүү жүргүзүүнү 14-августта түшкө маал баштаганын билдирди.

Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошев «Клоопко» тинтүү мыйзамдуу түрдө жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Анын айтымында, тергөөчүлөр мурдагы президентке каршы козголгон кылмыш ишине тиешелүү документтерди алууга ниеттенүүдө.

«Алар документтер ушул жерде деп божомолдошууда, бирок кайсы документтер туурасында сөз болуп жатканын өздөрү билишпейт», — деди Жоошев.

Кундуз Жолдубаева 7-8-августта Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алууна аны менен чогуу болгон. Штурмдан кийин Жолдубаеваны спецназчыларды барымтага алуу иши боюнча күбө катары чакырышкан.

Бийлик Атамбаевди ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин негизинде үч жолу суракка келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Ал суракка парламент аны кол тийбестик менен экс-президент статусунан ажыраткандан кийин чакырыла баштаган.

Алмазбек Атамбаев өзү камакта, ага кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу иштин негизинде коррупция боюнча айып тагылган. Андан тышкары, мурдагы президент укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зомбулук колдонуу, массалык тартипсиздиктерди уюштуруу, адам өлтүрүү жана адамдарды барымтага алууга шектелүүдө.