Атамбаевди Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупцияга шектешүүдө

Адвокат Сергей Слесарёв «Клоопко» билдиргендей, Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди дагы эки кылмыш ишине шектөөдө — Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция жана «Форум» ишканасына өзүнө караштуу адам аркылуу ээлик кылуу.

«Бул Жогорку Кеңештин айыптоолору болчу. Башында аны суракка күбө катары чакырышканы менен Атамбаевге азыр билдирмелер бардык тараптан келип түшүүдө», — деди Слесарёв.

Парламент июнда Атамбаевге алты айып таккан, анын ичинде Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция жана «Форумдун» имаратын ээлеп алуу да бар. Кийинчерээк Башкы прокуратура аталган айыптоолорду колдоп берген.

Алмазбек Атамбаев 8-августта эки күндүк кагылышуулардан кийин кармалган. Тарапташтары менен милициянын тирешүүсүнөн улам 170 адам жабыр тартып, бирөө каза болгон. Бул окуялардан кийин мурдагы президент укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зомбулук колдонуу, массалык тартипсиздиктерди уюштуруу, адам өлтүрүү жана адамдарды барымтага алууга шектелүүдө.