Атамбаевди кармоо учурундагы башаламандыктардан улам келтирилген зыяндын суммасы 8 млн сомдон ашкан

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Кой-Ташка жакын жердеги Беш-Күнгөй айылында милиция бөлүмүн жана машиналарды өрттөөдөн улам келтирилген зыяндын суммасы 2,1 млн сомду түзгөнүн билдирди.

Ошондой эле тартипсиздиктердин учурунда Бишкекте 34 видеокамера жабыркаган, алардын ичинен жетөөсү «Коопсуз шаардын» камералары. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, залал келтирилген камералардын алдын ала суммасы 4 млн сомдон ашкан.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 7-9-августта муниципалитет милицияга жардам үчүн 70 жүргүнчү ташуучу автобусун бөлгөн — алардын ичинен 30 автобустун айнек-терезелери талкаланган, ал эми бирөөсү ондоого жараксыз болуп калган.

«Алдын ала эсеп боюнча автобустарды калыптандырууга 2 млн сом кетет. Миниципалитет кыйыр да чыгымга учурады: күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго азайып кетти, 60 айдоочу убактылуу жумушсуз калды», — деп билдиришти мэриядан.

Күч органдары 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылышып, бирок биринчи аракети ийгиликсиз болуп калган. Атамбаевдин тарапкерлери күч түзүмдөрүн сүрүп чыгарышкан.

Атамбаевди 8-августта гана кармоого мүмкүн болгон — анын тарапкерлери жакынкы айылдарда кыйратып-талкалоолорду уюштурушуп, андан кийин калаанын борборуна каршылык акциясына чыгышкан. Бирок милиция өзүн агрессивдүү алып жүргөн, курал катары темир түтүктөрдү колдонууну пландашкан митингчилерди кууп тараткан. Жыйынтыгында милиция 40 адамды кармаган, алардын бешөөсү бейбаштык үчүн эки айга тергөө изоляторуна киргизилген.