Атамбаев Кой-Таштагы жерди мыйзамсыз алууга айыпталууда

Адвокат Сергей Слесарёв «Клоопко» маалымдагандай, Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алган деп шектеп жатат. Айып «Коррупция» беренесинин негизинде тагылган.

«Толугу менен тааныша элекмин, анткени тергөө аракеттери тынымсыз өтүп жатат. Бул алаксытып, кабардын бардыгын толугу менен карап чыгууга мүмкүндүк бербей жатат», — деди Слесарёв.

Мындан тышкары, Атамбаевге төмөнкү иштер боюнча да шектелүүдө:

  • Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция;
  • «Форум» имаратына өзүнө караштуу адам аркылуу ээлик кылуу;
  • Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу.

Ошондой эле ал төмөндөгү беренелер боюнча да айыпталууда:

  • «Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зомбулук колдонуу»;
  • «Массалык башаламандыктарды уюштуруу»;
  • «Адам өлтүрүүнү уюштуруу»;
  • «Адам өлтүрүүгө кол салууну уюштуруу»;
  • «Адамдарды барымтага алууну уюштуруу».

Коррупция тууралуу иш парламенттин демилгеси менен иликтенүүдө. Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президенттик макамдан ажыратуу үчүн алты иштен турган тизме түзгөн. Башкы прокуратура парламенттин мурдагы президентке таккан айыптарын колдоп бергенден кийин депутаттар аны артыкчылыктардан ажыратышкан.

Атамбаевдин үйү 7-8-августта штурмга алынгандан кийин ал массалык башаламандыктарга жана аскерлерди барымтага алууга байланыштуу иштер боюнча шектеле баштаган. Штурмга алуу операциясында «Альфа» атайын отрядынын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза таап, 170 адам жабыркаган.