Баткен прокурорунун өлүмүнө айыпталуучу ачарчылык кармоону токтотту

Баткен облустук прокурорунун өлүмүнө айыпталып жаткан Мелис Калыков ачарчылык акциясын 15-августта ден соолугу начарлап кеткендигине байланыштуу токтотту. Бул тууралуу «Кактус» басылмасына Мамлекеттик жаза аткаруу комитетинен билдиришкен.

«Кыргызстанда ачарчылык ыкмасы менен нааразычылык билдирүүнү эч ким карабайт да, укпайт да экен. Болгону өзүңдү өлүмгө гана алып келет экенсин. Кылмышкер судья кандай иштеген болсо ошондой эле иштеп жатат» — деп билдирген Калыков ТИЗОнун төрагасына жазган арызында.

Калыков ишин карап жаткан Ош шаардык соттун судьясы Жолборс Кудаяровго ишенбестик көрсөтүп, аны алмаштыруу талабы менен 5-августта ачарчылык жарыялаганын эжеси Дарийка Калыкова билдирген. Ал эми ЖАМК ачарчылык акциясы 9-августта башталганын маалымдайт.

Мелис Калыков Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталып 2018-жылдын ноябрь айында кармалган. Шектүү ага тагылган күнөөнү мойнуна албай келет.