Равшан Жээнбеков аскерлердин барымтага алынышына байланыштуу кармалаарын айтты

Парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков ИИМдин тергөө кызматы аны Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда аскерлердин барымтага алынышына байланыштуу 48 саатка кармалаарын «Азаттыкка» билдирди.

«Мен тескерисинче аларды чыгарып, барымтага алынгандарга жардам берип, “Тез жардамга” чыгарып берип, колумдан келгенин кылгам. Бирок мага ушундай берене коюлуп жатат», — деди Жээнбеков.

Жээнбековдун айтымында, бийлик Атамбаевдин айланасындагы окуялардын шылтоосу менен «оппозицияны толугу менен жок кылалы» деген кадам жасап жатат.

ИИМдин басма сөз кызматынан Жээнбековдун кармалышы мүмкүндүгүнө комментарий бере алышпады.

Жээнбеков 7 жана 8-августта штурм учурунда Атамбаевдин резиденциясында болгон. Ал учурда Атамбаевдин тарапкерлери спецназчыларды барымтада кармашкан. Ушул эле иш боюнча мурдагы президенттин жакын тарапкери Фарид Ниязов эки айга тергөө изоляторуна киргизилген.