Баткен прокурорунун өлүмүнө айыпталуучунун жакындары судьяны алмаштыруу талабы менен кайрадан митингге чыгышты

Баткен администрациясынын жанында өткөн митинг. Сүрөт: Дарийка Калыкова

Баткен прокурорунун өлүмүнө айыпталып жаткан Мелис Калыковдун 300гө жакын туугандары 16-августта облустук администрациясынын алдына нараазычылык акциясына чогулушту. Бул тууралуу «Клоопко» шектүүнүн эжеси Дарийка Калыкова билдирди.

Митингчилер Калыковдун ишин карап жаткан Ош шаардык соттун судьясы Жолборс Кудаяровду алмаштырууну талап кылышууда.

«Кудаяровго үч кылмыш иши козголгон. Атам кийинки сот отурумуна чейин биздин талап аткарылбаса, акимчиликтин алдында чатыр тигип акцияны улантам деп жатат. Бул жактан да жооп ала албасак анда Ак үйдүн алдына митинг уюштурууну пландоодо», — деп айтты Калыкова.

«Прецидент» фирмасынын юристи Эдил Эралиев судьяны алмаштыруу үчүн негиздер менен далилдеп берүү керектигин айтты.

«Жазык-Процессуалдык кодекске ылайык, эгерде судьянын каралып жаткан ишке жеке, тике же кыйыр кызыкчылыктары болсо, ал иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт», — деп түшүндүрдү Эралиев.

Калыковдун жакындары 7-августта да Ош шаардык сотунун имаратынын жанында судьяга ишенбестик көрсөтүп нараазычылык акциясына чыгышкан. Шектүү аталган талаптар аткарылбагандыктан бир жумадан ашык ачкачылык кармаган.

Башкы прокуратура 2018-жылы судья Жолборс Кудаяровго каршы үч факт боюнча кылмыш ишин козгогон. Алардын бардыгы сот чечимдерине байланыштуу.

Баткен облусунун 43 жаштагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда Төрт-Гүл суу сактагычынын жанында табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков камакка алынган.