Раиса Атамбаева: Мага каршы «кылмыш иштери козголуп жатат»

Мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаева 16-августта өзүнө каршы «кылмыш иштер козголуп жатканын» айтып чыкты. Ал бул тууралуу күйөөсү жана өлкөнүн мурдагы башчысы Алмазбек Атамбаевге карата бөгөт чарасы каралып жаткан УКМКнын имаратында айтты.

«Мен соттордун ишине эч качан кийлигишкен эмесмин. Саясат — колдун кири экенин билгем, ошондуктан эч качан аралашууга аракет кылган эмесмин. Учурда эмне болуп жатканын, кылмыш иштери ачылып жатканын, кайсы сот кайда жайгашканын да билбейм жана бир дагы судьяны тааныбайм», — деп билдирди Атамбаева.

Атамбаевдин тушунда сот тутумунун экс-куратору болгон Манас Арабаев 3-июлда мурдагы президенттин аялына каршы көрсөтмө берген. Арабаев аны сотторго кысым кылган деп айыптаган.

Арабаевдин айтымында, 2016-жылы «БЛС» курулуш фирмасынын иши боюнча соттук териштирүүнүн айынан Раиса Атамбаева «көшөрүп», «бир нече жолу» жолугушуу тууралуу суранган. Ошондой эле ал мурдагы биринчи айымдын туугандары тарабынан коркутууларды алганын билдирген. 6-июлда Арабаев үй камагына чыгарылган.

Мурдагы президентке каршы бир нече айып коюлган, алардын ичинде «массалык башаламандыктарды уюштуруу», «адам өлтүрүүгө кол салуу уюштуруу», «адамдарды барымтага алууну уюштуруу» жана башкалар бар. Ал 8-августта эки күнгө созулган катуу каршылык көрсөтүүдөн кийин бийликтин колуна түшүп берген.