Сот Атамбаевди камакта калтырды. Чечим УКМКнын имаратында жабык түрдө кабыл алынган

Мурдагы президенттин адвокаттары Атамбаевдин бөгөт чарасын даттануу үчүн шаардык сотко кайрылышкан. Мурдараак райондук сот Атамбаевди УКМКнын ТИЗОсунда 26-августка чейин калтырууну чечкен.

Отурумду шаардык соттун имаратынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке которушкан. Жыйынтыгында комиссия Атамбаевдин 26-августка чейин камакта калтырылышын өзгөрүүсүз калтырды.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев сот отурумунун УКМКга жылдырылышын «ачык-айкындуулуктун принциптерин одоно бузуу» деп атады.

«Кыргыз элинин мурдагы президентине карата жасалып жаткан мыйзамсыздыкты элден жашырууга болбойт», — деп жазган ал фейсбук барагында.

Атамбаевдин баласы Кадыр «сот жыйынын УКМКнын имаратында жабык эшик артында өткөрүү» — бул коркоктуктун жана эки жүздүүлүктүн кезектеги белгиси экенин билдирди.

«Бөгөт чарасы шаардык сотто каралышы керек болчу. Акыркы мүнөттөрдө чечимди өзгөртүп, УКМКда өткөрмөй болушту. Менимче жабык жайда, төрт дубалдын ичинде каалаган чечимди чыгарып койсо болот деген максатта жасалып жатат. Ошондуктан бүгүн оң чечим болоруна деле ишенбейбиз», — деп билдирди мурдагы президенттин баласы.

Атамбаев үйү 7-8-августта штурмга алынгандан кийин кармалган. Штурм маалында бир спецназ каза таап, 170 адам жабыркаган.

Атамбаев кармалгандан кийин ага бир эле парламентарийлер караган иштер боюнча гана айыптар эмес, ошондой эле «Адам өлтүрүүнү уюштуруу», «Массалык башаламандыктары уюштуруу» жана башка ушундай сыяктуу айыптар тагылган.