УКМК: Сапар Исаков ооруканага жаткырылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен «Клоопко» мурдагы премьер-министр Сапара Исаков ооруканага жаткырылганын билдиришти. Ведомстводон Исаковго врачтар «омуртка артерияларынын синдрому» диагнозун коюшканын айтышууда.

Мурдагы өкмөт башчынын юристи Нурбек Токтакунов «Клоопко» Исаков УКМКнын ТИЗОсунан ооруканага түшкөнүн тастыктады.

«Мага [Сапар Исаковду] ооруканага алып кетишти деп кабарлашты, диагнозун так билбейм», — деди Токтакунов.

Мурдараак Kaktus.Media басылмасы Исаков ден соолугу начар болгонуна даттанып, 16-августта дарыгерлер анын инсульт болгонун аныкташканын жазып чыккан.

Мурдагы өкмөт башчысы 2018-жылы июнда Бишкек ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча кармалган — ал коррупция боюнча айыпталган. Ошондой эле Исаков Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча да айыпталуучу катары өтүп жатат.