Исаковдун жакындарына аны менен жолугушууга үч саат гана убакыт берилди

Мурдагы премьер-министрдин адвокаты Нурбек Токтакунов УКМКнын тергөөчүлөрү Сапар Исаковго жакындары менен жолугушууга үч саат гана убакыт беришкенин кабарлады.

«Жакын туугандары [Исаковго] ээн-эркин кирип чыгышы керек. Анын үстүнө [Исаковдун аялынын] анын иши боюнча эч кандай макамы жок», — деп түшүндүрдү Токтакунов «Клоопко».

Ал УКМК Исаковдун жубайына уруксатсыз кирип чыгууга мүмкүндүк бербей койгонун айтып, күйөөсү менен жолугушуу үчүн күнүгө уруксат алууга мажбур болгонун кошумчалады.

«Анын диагнозу олуттуу. [Исаков] даттанган жок, бирок [абалын] көрүп эле турам. Тура албай жатат», — деп айтып берди Токтакунов.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Токтакуновдун билдирүүсүнө комментарий бербестен, «сот органдарына кайрылууну» суранды.

Буга чейин атайын кызмат мурдагы өкмөт башчысынын абалын «туруктуу» дешкен. Исаков 16-августта омуртка артериясындагы көйгөйдөн улам мээдеги кан жүгүртүү бузулган деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Мурдагы өкмөт башчысы 2018-жылы июнда Бишкек ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча кармалып, коррупция боюнча айыпталган. Ошондой эле Исаков Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча да айыпталуучу катары өтүп жатат.