Бабанов унаасынын айнеги караңгылатылганы үчүн 5500 сом айыпка жыгылды

Кайгуул милициясы экс-депутат жана президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабановго 5500 сомго штраф салынганын кабарлады.

Бабанов УКМКга сурак берүүгө 20-августта «Лексус LX 570» үлгүсүндөгү алдыңкы айнектери караңгылатылган унаа менен келген.

Кайгуул милиционерлери протокол түзүп, унааны айып короого алып кетишкен. Бабанов өзү машинасынын айнеги заводдон караңгылатылып жасалып чыкканын жана мыйзам бузбаганын айткан.

Бабанов Кыргызстанга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган күндүн эртеси, 9-августта кайтып келген.

Саясатчы өлкөдөн президенттик шайлоо бүткөндөн кийин чыгып кеткен — ал башкы атаандашы Сооронбай Жээнбековдон утулган. Бабановго каршы эки кылмыш иши козголгон.

Бабанов 2019-жылдын апрелиндеги интервьюсунда саясаттан жана ошондой эле Кыргызстандан Атамбаев жана Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин чыгып кеткенин айткан. Акыркылары Бабановго жана тарапташтарына тийбөөнү убадалашкан.

Учурда Бабанов УКМК менен Финполго күбө катары сурак берүүгө чакырылып жатат.