Исаковго диагноз коюлду, ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат — Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министрлиги мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун так диагнозун билдирди. Буга чейин Исаковдун тарапкерлери мурдагы өкмөт башчысына дагы деле диагноз коюла электиги тууралуу маалыматтарды тарката башташкан.

«Вертебробазилярдык бассейнде артериалдык системасынын жетишсиздигинин синдрому (баш ооруларына, баш айланууга алып барган моюн кан тамырларынын кысылышы), моюн жактагы омуртка түркүгүнүн жана кемирчектеринде зат алмашуунун бузулушу», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Ведомство билдиргендей, Исаковдун акыбалы «салыштырмалуу канааттандыраарлык» деп бааланууда.

«Ал врачтардын кароосунда жана тийиштүү дарылануудан өтүп жатат», — деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинен.

Исаков болсо «өзүмдү жакшы эле сезип турам» деп айткан. «Мен дарыланып жатам, дарыгерлер колдон келгенин кылып жатат деп ишенем. Өзүмдү жакшы эле сезип турам, санааркоого себеп жок. Баарыңыздарга чоң рахмат!» - деп билдирген ал.

Исаков 16-августтан бери №2 Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө даарыланууда жатат — ал өзүн кескин начар сезип ооруканага жаткырылган.

Мурдагы өкмөт башчысы 2018-жылы июнда Бишкек ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча кармалган — ал коррупция боюнча айыпталган. Ошондой эле Исаков Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча да айыпталуучу катары өтүп жатат.