Милиция 8-августтагы башаламандыктар боюнча тергөөнү баштады — шектүүлөр кармалган

Милиция алты адамга карата «Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Алар 9-августка караган түнү «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандык маалында кармалышкан.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын кеңешмесинде 21-августта билдиришти. Бишкек шаардык ИИББнын маалыматы боюнча, башаламандыкта милиция жалпысынан 40 адамды кармаган.

Алардын ичинен 34ү түшүндүрүү иштери өткөрүлгөндөн кийин коё берилген. Калгандарына карата тергөө жүргүзүлүп жатат — алардын бешөөсү абакта, ал эми бир шектүү үй камагына коё берилген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин 8-август күнү кечинде анын тарапташтарынын бир бөлүгү Ала-Тоо аянтына чогулушкан. ИИББдин маалыматына ылайык, «агрессивдүү маанайдагы» адамдардын саны 1500гө жеткен. Башаламандыктардын кээ бир катышуучулары маскачан жана таяк кармап жүрүшкөн.

#срочно Атамбаев на допросе в ГКНБ, на площади собираются его сторонники

Posted by Kloop on Thursday, August 8, 2019
«Клооптун» 8-августтагы Ала-Тоо аянтынан алып берген түз эфири