Салянова жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканага жаткырылды

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы 19-августта жүрөк челинин сезгенишине байланыштуу дарыгерлер тарабынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды. Бул тууралуу анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.

Сиңдисинин маалыматына ылайык, Салянова тийиштүү дарылануудан өтүп жатканы менен ага операция талап кылынат.

«Врачтар эбак эле жүрөккө операция жасоо керектигин айтышкан. Азыр Аиданын акыбалы оорлоп кетти. Тергөө амалдары менен сот болуп жаткан кезде дарыланып, врачтардын кароосунда болот. Өлкөдөн чыга турганга болоордо операция чет өлкөдө жасалып калат го», — деп кабарлады ал.

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча 4-июнда кармалган.

Салянова өзү бардык айыптарды төгүнгө чыгарып келет. «Батукаев мыйзамсыз бошотулганбы же жокпу — менин буга эч кандай тиешем жок. Ал кандай жол менен чыгып кетсе да, мен прокурорлордун аракеттери мыйзамдуу болгон деп эсептейм жана башкаларды эмес, аларды коргогонго аракет кылам», — деген ал.

Салянова УКМКнын тергөө абагында эки айдан ашуун отуруп чыкты. Аны тергөө менен кызматташууга баргандан кийин 15-августта үй камагына чыгарышкан.

Саляновадан тышкары, бул иш боюнча 8-августта эки күнгө созулган штурмдан кийин кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да өтүп жатат.

Ошондой эле бийлик кримтөбөлгө кан лейкозу диагнозун коюшкан врачтарды кармаган. Учурда саламаттык сактоонун мурдагы министри Динара Сагынбаева жана экс-вице-премьер Шамил Атаханов үй камагында.