Адамдарды барымтага алуу. Карамушкина үй камагына алынды

Ирина Карамушкина сот залында. Сүрөт: Марат Уралиев / Kaktus Media

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-август күнү кечинде парламенттин депутаты Ирина Карамушкинага карата бөгөт чарасын кабыл алды. Сот отуруму жабык тартипте өттү.

Судья Карамушкинаны 2019-жылдын 8-октябрына чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды.

Буга чейин Башкы прокуратура Карамушкина 7-8-августта Кой-Таш айылындагы башаламандык маалында «адамдарды барымтага алууга» шектелүүдө деп кабарлаган.

Ошондо күч органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн эки жолу штурмга алып, ийгиликсиз аяктаган биринчи штурмдун натыйжасында УКМК спецназынын алты кызматкерли барымтага алынган. Буга чейин адамдарды барымтага алууга шектелип Атамбаевдин башка тарапташтары да кармалган: Фарид Ниязов, «Элдик штабдын» мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Смаилов жана Амантур Жамгырчиев.