Башкы прокуратура Карамушкинаны «адамдарды барымтага алууга» шектеп жатат

Материал 16:35де жаңыртылды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Клоопко» маалымдагандай, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын тарапташы жана парламенттин депутаты Ирина Карамушкина «адамдарды барымтага алууга» шектелип жатат.

«Ага “Барымтага алуу” 244-беренеси боюнча кылмыш кылгандыгына шектеген кабарлама тапшырылган, ал өзү айтып жаткандай массалык башаламандык эмес», — деп билдиришти ведомстводон.

Мурдараак Карамушкина массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелип жаткандыгын билдирген. Сөз 7-8-августтарда Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдарынын ортосунда Кой-Таш айылында орун алган кагылышуу тууралуу болушу мүмкүн.

«Акча таратып, элди атайылап даярдаганмын имиш, алар [милиция] кызматкерлерин сабашы үчүн, команда берип, ошону менен Жогорку Кеңештин депутатынын антын бузуптурмун [...] Толук түрдө укуктук коллапс жана бийликтин ээн баштыгы болууда!», — деп жазган Карамушкина фейсбук барагында.

Депутаттын айтымында, «аны шектелүүчүлөрдүн катарына башкы прокурор Жамшитов кошкон». Карамушкина өз дарегине коюлуп жаткан шектөөлөргө комментарий берген жок. Муну ал учурда Тергөө комитетинде экенин жана адвокатын күтүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Алмазбек Атамбаев эки күнгө созулган курч каршылык көрсөтүүдөн кийин укук коргоо органдарынын колуна түшүп берген соң тарапкерлери сурактарга чакырыла баштаган. Тергөөчүлөр маектешкендердин арасында Ирина Карамушкина да болгон, бирок ал тергөө сырына таянуу менен эмне жөнүндө сурашканын айткан эмес.