Турдукулов Сегизбаевди «Белизгейт» боюнча жоопко тартууну талап кылды

Адил Турдукулов. Сүрөт: «Апрель ТВ»

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Башкы прокуратурага кайрылып, УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевдин аракеттерине юридикалык баа берүүнү талап кылды.

Турдукулов Сегизбаевди «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга», «документтерди жасалмалоого», анын ичинде «алдамчылыкка» айыптаган. Анын айтымында, Сегизбаев УКМКнын башчысы болуп турган кезде оппозициячыл депутаттарга каршы айып тагууда колдонулган Белизден алынып келинген ыктымал документтерди көрсөткөн.

Анын ою боюнча, дал ушул себеп боюнча Башкы прокуратура «Сегизбаевди жоопкечиликке тартышы керек».

Бирок, Адил Турдукулов менен Абдил Сегизбаев — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин активдүү тарапташтары. Турдукулов мурда деле Сегизбаевди жоопкерчиликке тартууну талап кылганын «Клоопко» маалымдады.

«Биринчиден, [Сегизбаев] партиянын мүчөсү деп саналбайт, ал эми мен мүчөсүмүн. Мен партияда жүргөндө дагы, элдин алдында жана митингдерде Сегизбаев менен [экс-башкы прокурор Индира] Жолдубаева жоопкерчиликке тартылышы керек деп айткам. Ошондуктан кандайдыр бир башка позицияга өтүп кеткен жокмун. Өлкөдө кандай гана абал болбосун, мен мурда айткандарымды эле айтып келе жатам», — деди Турдукулов.

«Белизгейт»

2016-жылы күзүндө Алмазбек Атамбаев өлкөнүн конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Бул чечимди «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов сынга алышкан.

Алардын президенттин дарегине айтылган сындарынан кийин ошол учурда УКМКнын башчысы болуп турган УКМКнын төрагасы Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов «Мегаком» байланыш операторунун акцияларына ээлик кылышкан деп билдирген. Сегизбаев далил катары Белиз өлкөсүнөн алынган делген документтерди көрсөткөн.

Депутаттар документтерди «өтө орой жасалмалоо» деп аташып, Сегизбаевди сотко да беришкен, бирок утулуп калышкан. Сегизбаевдин ордуна УКМКнын башчылыгына Идрис Кадыркулов келгенден кийин Белиздеги документтер атайын кызматка келбегени белгилүү болгон.