Украинада эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды

Материал саат 16:26да жаңыртылды

Украинанын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жараны «Одессанын» аэропортуна 20-августта Түркиядан учуп келген. Анын ысымы аталбаганы менен 24 жашта экени көрсөтүлгөн.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыздын документин текшергенде ал тууралуу маалымат Интерполдун базасынан чыгып калган. Ошондой эле Кыргызстандын укук коргоо органдары аны эки жылдан бери издеп атышканы айтылган.

«Маалыматтарды текшерип жатканда чек арачылар кыз мыйзамсы аскер түзүмдөрүндө катышканы үчүн эл аралык издөөдө жүргөнүн аныкташкан», — деп айтылат чек ара кызматынын маалыматында.

Кармалган кыз Украинанын Улуттук полициясына өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандын Украинадагы консулу Азамат Кабаев «Клоопко» маалымдагандай, учурда дипломаттар кармалган кыздын өздүгүн такташууда. Ошондой эле ал чындыгында эле Интерполдун издөөсүндө болгондугу тууралуу украин тараптан расмий бышыктоону күтүшүүдө.

«Эки өлкөнүн органдары аны экстрадициялоо маселесинин үстүндө иштеп атышат, бирок эгер ал чындыгында эле эл аралык издөөдө жүргөн болсо. Бизде интерполдун маалымат базасы жок», — деп түшүндүрдү Кабаев.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Интерполдун маалымат базасына түшүп калган жарандарга байланыштуу маселелерге өлкөнүн УКМКсы же ИИМи гана комментарий бере алат. Бирок ведомствонун басма сөз кызматы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болуп турду.