Эколог Эмил Шүкүров дүйнө салды

Эколог Эмил Шүкүров 82 жаш курагында дүйнө салды. Экологдун кайтыш болгону тууралуу өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады. Шүкүров Кыргызстанда эң белгилүү эколог жана окумуштуулардын бири болгон.

Кыргызстандын экологиясына куйуп, тынчсызданган агабыз, эколог Эмил Шукуров бугун коз жумду. Жаткан жери жаннаттан, ыйманы саламат болсун! Уй-булосуно терен кайгыруу менен конул айтабыз.

Posted by Chyngyz Esengul Uulu on Friday, August 23, 2019

«Кыргызстандын экологиясына күйүп, тынчсызданган агабыз, эколог Эмил Шүкүров бүгүн көз жумду. Жаткан жери жаннаттан, ыйманы саламат болсун! Үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көнүл айтабыз», — деп жазды ал.

Эмил Шүкүров 1938-жылы 19-январда туулган. Ал 1960-жылы «биолог-зоолог» адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, Москва мамлекеттик университетинде биолог-жер кыртыш факультетинин аспирантурасын бүтүргөн.

Шүкүров «Алейне» аттуу Кыргызстандагы экологиялык кыймылдын уюштуруучусу, ошондой эле өлкөнүн 18 картасынын редактору болгон. 2016-2017-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык кызматын аркалаган. Атамбаев ага «Кыргызстандын жаратылышын коргоо боюнча эмгек сиңирген кызматкери» наамын ыйгарган.