Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон казакстандык альпинисттер табылган жок

Бул тууралуу Алматада өткөн журналисттер менен жолугушууда издөө-куткаруу отрядынын жетекчиси Василий Пивцов билдирди. Пивцовдун айтымында, куткаруучулар жоголуп кеткен альпинисттер Мурат Өтепбаев менен Андрей Корнеевди таба албай коюшкан. Алар менен болгон дагы бир альпинист Александр Чечулин каза тапканы маалымдалган.

Аскерлер тепловизорлорду колдонушуп, аймактын айланасында вертолёт менен учуп чыгышканына карабастан, издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес. Аба ырайынын айынан куткаруучулар альпинисттерди куткаруу боюнча операцияны уланта алышкан жок.

Жеңиш чокусунда калган Мурат Өтепбаевдин аялы куткаруучуларга ыраазычылыгын билдирип, алар «колдон келгенин кылышканын» айтты. Мурдараак Алматынын Альпинизм федерациясы альпинисттерди тирүү бойдон табуу мүмкүн эместигин кабарлаган.