Садыр Жапаровдун уулу каза тапты

Экс-депутаттын баласы каза тапканы тууралуу 24.kgге Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, 27 жаштагы Дастан 22-август күнү кечинде Ысык-Көлдөн кайтып келе жатып жол кырсыгына учураган. «Ал өзүнө келбей каза болду, атасына кабар бериле элек», — деп кошумчалады адвокат.

Токтосунов Жазаларды аткаруу мамкызматына (ЖАМК) Жапаровду уулунун тажыясына катышууга коё берүүсүн суранып кайрылмакчы.

ЖАМКтын басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, аларга экс-депутаттын жактоочусунан азырынча кайрылуу түшө элек.

«Мыйзам боюнча [убактылуу] бошотуу каралган. Бирок чоо-жайы, соттолгон адамдын беренеси жана кай жерде жазасын өтөп жатканы, каралат. Аны бошууга мүмкүн убакыт [тажыя боло турган] жердин алыстыгына көз каранды», — деп билдирди ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова.

Сот 2017-жылы Жапаровду Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга байланыштуу иш боюнча күнөөлүү деп тапкан. Каптагаев ал учурда Жапаровго доо коюудан баш тартканына карабастан 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк Жогорку сот анын ишин 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жазык кодексине байланыштуу кайра карап чыгып, жаза мөөнөтүн 10 жылга чейин кыскарткан.