Ички иштер министринин орун басары Матраимовдун тууганы экени ырасталды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ведомствонун башчысынын орун басарлык кызматына жакында эле дайындалган Памир Асанов бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго куда болоорун маалымдады.

ИИМден «Клоопко» билдиришкендей, Матраимовдун кудасынын министрликтин башчысынын орун басарлык кызматка дайындалышында эч кандай кызыкчылыктар кагылышы жок.

«Асанов кесипкөй экенине эч ким шектене албайт, анын эмгек тизмеси бай. Ал кызматын курсант болуп баштап, кийин тергөөчү [болгон] [...] Ошондуктан биз Памир Асанов менен Фарида Матраимованын [Матраимовдун тууганы] кудалашуусун эч саясатташпаган окуя деп эсептейбиз», — деп кошумчалашты ИИМден.

Ведомстводон билдиришкендей, балдарынын үлпөт тоюна чейин Асановдор менен Матраимовдор «бири-бирин такыр таанышчу эмес».

«Алардын тууганчылык мамилелери эбак эле башталган. Эми азыр, Памир Асанов ички иштер министринин орун басары болгондо эмнегедир көпчүлүгү бул маселени көтөрүшүүдө», — деп кошумчалашты ИИМдин өкүлдөрү.

Памир Асанов ИИМдин башчысынын орун басарлык кызматына 13-августта дайындалган. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан бир нече күн өткөндөн кийин кызматынан бошотулган Курсан Асановдун ордуна келген.

Буга чейин Матраимовдор менен тууганчылык жайы бар экендигин финчалгындоонун башчысы Гүламжан Анарбаев да ырастаган — ал дагы Матраимовдорго куда болот. Анын карындашы ага-ини Матраимовдордун бирөөсүнүн аялы.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Райымбек Матраимов жана анын туугандары — Кыргызстандагы эң көп талкууланган үй-бүлөлөрдүн бири. Мындан тышкары, Матраимовдорду өлкөдөгү эң бай жана таасирлүү үй-бүлөлөрдү бири деп эсептешет.

Райымбектин агасы — Искендер Матраимов — парламенттин депутаты. Ал Жогорку Кеңештин кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине мүчө. Матраимовдордун дагы бир тууганы — Ислам — көп убакыттан бери финполдо иштеп жүрүп, ал жактан ведомство Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлкүн текшере баштагандан кийин кеткен.

Матраимовдордун башка дагы эки бир туугандары — Тилек менен Руслан Ош облусунда иштешет. Биринчиси Матраимовдордун үй-бүлөсү туулган Кара-Суу районун жетектейт, ал эми экинчиси «Исмаил ата» үй-бүлөлүк кайрымдуулук фондун башкарат.

2019-жылдын май айында «Азаттык» Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар жана ага Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар ыктымалдыгы тууралуу иликтөө жарыялаган. Кийинчерээк Матраимовдор акчалардын чыгарылышына тиешеси бар делген маалыматты төгүндөшкөн, ал эми финпол журналисттердин жүйөөлөрүн текшерип чыгып, Матраимовдордун чет өлкөдө мүлктөрү табылган эмес деп билдирген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өз мураскери Сооронбай Жээнбеков менен урушуп кетишине Матраимовдордун ишмердиги бирден бир себеп. Кийин, алардын араздашуусу эл арасында ачыкка чыккандан кийин Атамбаев Жээнбековду Матраимовдор менен байланышы бар деп бир нече жолу айыптаган.

Авторлошу: Рустам Халимов