Аскер прокуратурасы Атамбаевдин жансакчыларын суракка чакырды

Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эки жансакчысын суракка чакырды. Алар 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылындагы резиденцияны штурмга алуу учурунда Атамбаевди коргошкон.

Жансакчылардын биринин адвокаты Замир Жоошев кардарын беттештирүүгө чакырышканын билдирди. Анткени анын көрсөтмөлөрү кызматташынын версиясынан айырмаланат.

«Аларга адамдарды барымтага алуу айыбы тагылат деген кооптонуу бар», — деди Жоошев.

Kaktus Media Аскер прокуратурасындагы өз булактарына таянып билдиргендей, УКМКнын 9-кызматындагы жансакчылардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

«Прокуратурада иштегендердин ою боюнча, Атамбаевди кайтарган УКМКнын 9-кызматынын өкүлдөрү “Альфанын” спецназчыларын көргөндөн кийин объектти [Атамбаевди] таштап, аларга өткөрүп бериши керек эле», — деп келтирет өз булагынын айткандарын Kaktus Media.

Kaktus Mediaнын булагынын айтымында, «Альфа» отрядынын кызматкерлери «ким экендигин эч кимге айтышпай, катуу аракеттерди көрүшкөн», ошондуктан Атамбаевди кайтарып жаткан кызматкерлер өз милдеттерин аткарууну уланта беришкен.

«Уставга ылайык, жансакчылар объектти коопсуз жерге алып барып, аны ал жакта коргошу керек эле. Анын үстүнө, УКМК аларды Атамбаевди кайтаруудан чакыртып алышкан эмес. Эгер алар аны [Атамбаевди] таштап кетишсе, функционалдык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эле», — деп түшүндүрдү басылманын булагы.

Аскер прокуратурасынан «Клоопко» жансакчылардын суракка чакырылышы боюнча комментарий беришпей, расмий сурам жөнөтүүнү сунушташты.

Атамбаев 7-8-августта резиденциясын штурмга алуу учурунда кармалган. Жыйынтыгында бир спецназчы каза таап, 170 адам жабыркаган.

Атамбаев кармалгандан кийин коррупция тууралуу иштер боюнча шектелген. Бул иштерди парламентарийлер Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыратуу үчүн карашкан. Мындан тышкары, мурдагы президент «Адам өлтүрүүнү уюштуруу», «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алууну уюштурууга» жана башка беренелер боюнча шектелип жатат.