Чүй облусундагы айланма жолду акылуу кылуу пландалууда

Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Чүй облусундагы айланып өтмө жолдун бир бөлүгү акы төлөнүүчү болушу мүмкүн.

Транспорт министри Жанат Бейшеновдун айтымында, Курманжан Датка көчөсүнүн (мурдагы Алма-Ата) кесилиш жеринен Чым-Коргон айылына чейинки 73 км бөлүгүн акы төлөнүүчү кылуу сунушталып жатат. Канча акы төлөнөөрү азырынча белгисиз.

Ал пилоттук долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси 2020-жылдын башында даярдалаарын билдирди.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда альтернативдүү жолдору бар болгон жалпы колдонулуучу жолдор да акылуу болушу мүмкүн деп айтылат. Альтернативдүү жолдун аралыгы акылуу жолдун узундугунан эки эседен ашпашы керек.

Документтин долбоору Өкмөт аппаратына кароого жиберилди.