Сапар Исаков ооруканадан УКМКнын тергөө абагына которулду

Мурдагы премьер-министрдин адвокаты Нурбек Токтакунов фейсбук барагында маалымдагандай, Сапар Исаков «оор абалда» экенине карабастан, кайра тергөө абагына которулган.

«Медициналык корутундулардын атайын кызматтардын таасирине көз карандылыгын констатациялоо гана калды. Тек гана атайын кызматтардын таасири алдында оорулуу адамдар “дени сак” болуп, ал эми дени соо адамдар “өлгүдөй оорулуу” кылынат», — деп жазган Токтакунов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетинен «Клоопко» билдиришкендей, Исаковдун абалы жакшыргандыктан ТИЗОго кайтарылган.

«Анын абалы туруктуу. Ал дарыгерлердин кароосунда. Буга чейин үч жолу консилиум өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча УКМК ТИЗОсуна кайтаруу чечими кабыл алынган», — деп кабарлашты басма сөз кызматтан.

Исаков өзүн кескин начар сезип, ооруканага 16-августта жаткырылган. Кийинчерээк врачтар билдиришкендей, Исаковдо баш ооруларына, баш айланууга алып барган моюн кан тамырларынын кысылышы байкалган. Дарыгерлердин консилиуму мурдагы премьер-министрдин инсультка учураганын төгүнгө чыгарышкан, бирок алгач Исаковдун абалынын начарлашынын ушундай версиясы да айтылган.

Мурдагы өкмөт башчысы 2018-жылы июнда Бишкек ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча кармалган — ал коррупция боюнча айыпталган. Ошондой эле Исаков Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча да айыпталуучу катары өтүп жатат.

Авторлошу: Евгения Михайлиди