Маданият министри фейк жаңылыктарга каршы күрөшүүнү сунуштады

Маалымат, маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов фейк жаңылыктарды көзөмөлдөө үчүн мыйзамдарды иштеп чыгууну сунуштады. Ал бул тууралуу 29-августта тегерек стол учурунда билдирди.

«Кыргызстанга фейк жаңылыктарга каршы күрөшө турган механизмдер зарыл. [...] Бул өзгөчө социалдык тармактардагы баракчалардын ээлерине тиешелүү. Алар өз жарыяларын чыпкалашы керек», — деп айтты Жаманкулов.

Жаманкулов белгилеп өткөндөй, жоопкерчилик чаралары катууланат, өзгөчө дин жана этникалар аралык маселелери боюнча.

Ал Кыргызстанда кытайлык инвесторлорду Кытайдын спецназы коргой тургандыгы тууралуу жакында эле пайда болгон фейк маалыматты мисал катары келтирди.

«Бул Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамиленин начарлашына алып келиши мүмкүн. Эл анык маалыматтарды гана алып турушу үчүн биз аракет кылышыбыз керек», — деп кошумчалады ал.

Кыргызстандын бийлиги ЖМКларга байма-бай басым көрсөтүп турууга аракет кылып турат. Мисалы, 2017-жылдын март айында Башкы прокуратура «Заноза» менен «Азаттык» онлайн басылмаларын «жалган маалымат» тараткан деп айыптап, аларды сотко берген.

Башкы прокуратура ошол учурда президент болуп турган Алмазбек Атамбаевдин ар-намысы менен кадыр баркын ушинтип коргогон.

Натыйжада Атамбаев «Заноза» басылмасы жана анын эки негиздөөчүлөрүнө каршы сотту утуп, алардан жалпы суммасы 27 млн сомдук компенсация талап кылган. Атамбаев президенттик кызматынан кеткенден кийин каражатты төлөтүү боюнча талаптарын чакыртып алган.

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков да 24.kg басылмасы менен журналист Кабай Карабековго каршы миллиондук доо койгон. Бул анын шайлоо кампаниясынын учурунда болгон. Мамлекет башчы болуп шайлангандан кийин ал басылма менен журналистке карата койгон материалдык дооматтарынан баш тарткан.