Оштун вице-мэри мас абалда унаа айдаганы үчүн айыпка жыгылды

Патрулдук милиция Оштун вице-мэри Жасур Азимовго мас абалда унаа айдаганы үчүн штраф салды. Азимовдун айтымында, ал Ташкенден келген конокторго Лениндин эстелигин көрсөткүсү келген.

Азимовдун кармалып жатканы тартылган видео коомдук тармактарда 28-августта пайда болгон. Тасмадан Азимов алкоголдук ичимдик ичкенин мойнуна алган.

«Тартып… Бля. Көрүшөбүз го блять эй. Жок, сен мындай “дерзский” болуп блять, тартып блять, “кимсиз?” деп… Ичип алдым, ооба, моюнга алып жатам», — деп айткан вице-мэр видеого тартып жаткан адамга.

Тасмадан Азимов Ош шаары боюнча экскурсия өткөрүп жатканын, ал эми борбордук аянтка Лениндин эстелигин көрсөткөнү келгенин көрсө болот. «Ленинди көрсөтүп коёюн, Ленин жок да эч жерде», — деп билдирди Азимов.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азимовдун автоунаасы 24-августта токтотушканын билдирди.

«Вице-мэрдин айтымында, ошол күнү ал автоунаа айдаган эмес. [...] Видеого тартып жаткан милиция кызматкерлери аны шылдыңдай башташкан. Алардын бул кылгандары туура эмес. Эгер ал баш ийбей же каршылык көрсөткөн болсо, анда башка кеп эле», — деп билдирди басма сөз катчы.

Ош шаардык ИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков вице-мэр Азимовдун автоунаасы айып короого киргизилгенин «Клоопко» тастыктап берди. Аткаминерге 17,5 миң сомго айып салынган.

«Ага мас абалда машина айдаганы, андан тышкары тыюу салынган [борбордук аянттан кечки саат 20:00дөн кийин унаа кыймылына тыюу салынат] жерден өткөнү үчүн штраф салынды», — деди Сыдыков.

Мындан тышкары, вице-мэр Жасур Азимовго карата кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

Сүрөт: Ынтымак