Жалал-Абад башчысынын агасы мэрияга караштуу ишканадагы кызматынан кетти

Жалал-Абаддын башчысы Мураталы Тагаевдин агасы Абдымалик Тагаев 28-августта шаардын мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчилик кызматынан кетти.

Мэриянын басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, Тагаев «инисинин карьерасына кедергесин тийгизип албаш үчүн» бошоп кеткен. Ал бул боюнча чечимди ЖМКларда мэр Мураталы Тагаев менен бир тууган экени тууралуу жазып чыгышкандан кийин кабыл алган.

Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев агенттиктин жетекчилик кызматына өзүнүн бир тууган агасы Абдымалик Тагаевди анын өтүнмөсүнүн негизинде дайындаган.

Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча агенттик шаар боюнча маршруттук таксилерди көзөмөлдөйт. Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэрлик кызматына 2018-жылы келген.

Тагаев мэрлик кызматка келгенден кийин бүткүл шаардык кызматтарга өзүнүн уруксатысыз журналисттерге маалымат берүүгө тыюу салган. Ошондой эле ал шаардык түзүмдөрдүн жетекчилерин Жалал-Абаддын чет жакасына болгон сапарлар менен командировкаларды жеке өзү менен макулдашууга милдеттендирген.

Сүрөт: Kaktus Media, Жалал-Абад мэриясынын башчысы Мураталы Тагаев.