«Бишкек таза абаны жоготуп алуу коркунучуна туш болду» — Жээнбеков калаада жаңы сейил бак ачты

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-августта Бишкектин түштүк жагында жаңы сейил бак ачты. «Биз Бишкекке жашыл шаар деген аталышын кайтарып беребиз», — деп айтты өлкө башчысы.

Анын айтымында, азыр Бишкек «таза абаны жоготуп алуу коркунучуна туш болду».

«Кыш мезгилинде от жагуудан улам шаарыбыздын үстүн түтүн каптап жатат. Мунун баары шаардын жашыл саясатынын, борбор калаанын пландык өнүгүүсүнүн жоктугу, туш келди курулуштарды жүргүзүүнүн натыйжасы болуп калды», — деп белгилеп өттү Жээнбеков.

Президенттин айтымында, калаада курулуш саясаты кайра каралат, бул учурда өзгөчө көңүл ирригациялык жана сугат системаларына бурулат.

«Мындан тышкары биз мыйзамсыз ээлеп алган парк жерлерин шаарга кайтарып алуу боюча жумуштарды улантабыз», — деди ал.

Жээнбеков шаардыктар «Бишкекке аяр мамиле кылышы» керек, ошондо гана жалпы аракет менен ага «жашыл деген атагын» кайтарса болот деп эсептейт.

Бийлик жаңы сейил бактын курулушун апрелде баштаган. Ал учурда да Жээнбеков Бишкек «жашыл шаар» деген атагын жоготконун билдирген.

Бирок ошол кезде бийлик тыгын маселесин чечүү, жолдорду кеңейтүү жана куруу үчүн бак-дарактарды кыйып жатат. Шаардын тургундары менен экологдор бир нече жолу бак-дарактарды кыюуга каршы чыгып, бийликтен шаарды жашылдандырууну талап кылышкан.