Кыргызстанда адам жүзүн аныктаган система ишке кирет

ИИМ жана Кытайдын CEIEC компаниясы адам жүзүн аныктаган камераларды Кыргызстанга жеткирүү боюнча келишим түзүштү. Ушул эле компания Кытайда жана Эквадордо калкты аңдуу системасын киргизген.

«Мындай система көчөлөрүбүздө тартип орното алмак. [Адамдар] укук коргоо кызматкерлеринен же кандайдыр бир [тартип] бузууларга баруудан коркушмак. Мындай система кылмыштардын бетин ачууга абдан жакшы көмөкчү болот», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан «Клоопко».

Ошондой эле ИИМден аталган компания адам жүзүн аныктаган системаны өз эсебинен орнотоорун кабарлашты. Ал мындан тышкары, жабдууларды алып келүү, монтаж жана кыргыз адистерин консультациялоо ишин алып барат. Система орнотулгандан кийин камераларды кыргыз тарап тейлемекчи.

Алгач камералар Бишкекте, андан кийин башка ири шаарларда пайда болот. Бирок ведомстводон система качан ишке кирип калаарын так айтышкан жок.

CEIEC — Кытайдын импорт жана экспорт боюнча улуттук корпорациясы. Бул мамлекеттик мекеме аскер муктаждыктары үчүн продукцияларды өндүрөт. CEIEC Кытайда коомдук коопсуздук системаларын түзгөн.

2016-жылы компания Эквадордо коомдук коопсуздук системасын курган. Ага акылдуу камералар, уюк телефондордун изин чалуу системасы кирген.

24 провинцияда орнотулган камералар күнү-түнү 16 миллиондук калкка көзөмөл салып турат. Система иштеп жаткан убакта өлкөдөгү кылмыштуулук 24%га төмөндөп, Эквадорду Латын Америкадагы эң коопсуз өлкөлөрдүн бири кылган.