ИИМ Ала-Тоо аянтында Атамбаевдин тарапкерлерине күч колдонулганын мыйзамдуу деп атады

Спецназчылар Ала-Тоо аянтында митингчилер менен кагылышкандан кийин Бишкектин көчөлөрүндө кайгуул жүргүзүп жатышат. Кууп таркатылган митингчилер качып жатып таштанды челектерин өрттөшкөн. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн тарткан сүрөтү

ИИМ билдиргендей, милиционерлер 9-августка караган түнү Бишкектин борборунда митингчилерди келтек менен таратып жатканда күч колдонууга аргасыз болушкан. Митингчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция болгондон кийин аянтка чогулушкан.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция «жашоо жана ден соолук үчүн кооптуу шарттарда» болгон, ошондуктан Бишкектин борборуна чогулган Атамбаевдин тарапкерлерине келтек колдонгон.

Ала-Тоо аянтына 9-августка караган түнү мурдагы президентке колдоо көрсөтүш үчүн 1000ден ашуун адам чыккан, бирок нааразылык акциясы укук коргоо орган кызматкерлери менен кагылышууга өтүп кеткен.

ИИМдин басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчыларына берген жообунда чет өлкөлөрдөгү жана Европадагы демонстранттарды кууп таркатуу тажрыйбасына таянганын айткан. Министрликтин версиясына ылайык, чет өлкөлөрдөгү полицейскийлер нааразылык акцияларын кууп таркатуу үчүн чоң ыйгарымдарга ээ.

«Полиция кызматкерлери колдорду кайрып, келтектерди, газ баллондорун жана суу аткычтарды колдонуп, өздөрүн катуу алып жүрүшкөн кадрларды көп көрөбүз. Европа өлкөлөрүндө демонстрациянын же жүрүштүн катышуучуларына демонстрациянын негизги максатына каршы келген ураандарды кыйкырууга же транспаранттарды жаюуга тыюу салынган», — деп билдиришти ИИМден.

ИИМден «башаламандыктарга, коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга, талоончулукка жана чагымчылдыкка» жол бербөө үчүн атайын каражаттар колдонулган деп түшүндүрүштү.

Бирок ведомствонун басма сөз кызматы ИИМ ошого карабастан 9-август күнү кечинде болгон окуяларда милиционердердин аракеттеринде кандайдыр бир бузуулар болуп-болбогонун аныктоо үчүн ички иликтөө жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Бир нече басылма милиция кызматкерлери жерде жаткан жарандарды сабаганы тартылган видеолорду жарыялагандан кийин эле митингчилерди таратууда укук коргоо органдарынын аракеттерине карата суроолор пайда болгон.

Разгон митинга сторонников Атамбаева с площади Ала-Тоо

Posted by Sputnik Кыргызстан: Новости и события дня on Thursday, August 8, 2019
Жаранды сабап жаткан учуру видеонун 34-мүнөтүнөн башталат. Видео: «Спутник» басылмасы

Атамбаевдин үйүн штурмга алуу

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция Бишкектен алыс эмес жердеги Кой-Таш айылында 7-8-августта болгон.

Атамбаев тергөө органдарынын кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча күбө катары чакырылган сурактарына келүүдөн үч жолу баш тарткандан кийин резиденциясын штурмга алуу башталган.

Атамбаев бийликтин колуна 8-август күнү өз ыктыяры менен түшүп берген. Бул анын үйүн штурмга алууга жасалган бир нече аракетерден кийин болгон. Атайын операция мурдагы президенттин тарапкерлеринин спецназ жана милиционерлер менен болгон көптөгөн кагылышуулар менен коштолгон.

Атамбаев кармалгандан кийин, ага карата дароо бир нече кылмыш иштери козголгон. Алардын арасында коррупция боюнча иш да бар.

Кармалган саясатчынын тарапташтарынын айтымында, мурдагы президентти куугунтуктоо — бул саясий күрөштүн бир бөлүгү жана анын артында Атамбаевдин партиясынан өлкө башчысы болгон учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков турат.

Учурда Атамбаев 26-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.