Текебаев: Эгерде Жээнбеков жаман иштесе, төрт жылдан кийин мыйзам алдында жооп берет

Абактан бошотулган «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдей мыйзамсыз аракеттерди кылса, мыйзам алдында жооп берип калаарын эскертти.

Текебаев билдирүүсүн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган айылында тарапташтары менен жолугушуу учурунда жасады. Жогорку сот 21-августта саясатчынын ишин кайра кароого жөнөткөндөн кийин ал үй камагына чыгарылган.

Текебаевдин билдирүүсүнүн мазмуну эгерде, 4 жылдан кийин, Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнүн аягында бийликти кыянаттык менен пайдаланганы аныкталса, өзүнө чейинки президент Алмазбек Атамбаевдин ордунда болуп калышы мүмкүндүгүндө.

«Бүгүнкү эле көзү тирүү адамдар [Жээнбековдон] сурап алабыз. Ал Атамбаевди ушундай тагдырга кириптер кылуу менен чоң жоопкерчилик алды, өзү чоң тобокелчиликке барды. Ушундай тагдырга да кайылмын деп ушуга барып отурат», — деди Текебаев.

Атамбаев 8-август күнү Бишкекке жакын аймактагы атайын операция учурунда кармалгандан кийин камакка алынган. Буга чейин ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч ирет келген эмес.

Учурда мурдагы президентке каршы бир нече иш козголгон, анын ичинде коррупция жана адам өлүмүнө алып келген массалык башаламандыктар боюнча айыптоолор бар. Атамбаевдин тарапкерлери болсо мурдагы президенттин куугунтуктоо саясий күрөш менен жүйөөлөнгөн жана анын артында Жээнбеков турат деп эсептешет.

Текебаев 29-августта үй камагына чыгарылган. Бул Жогорку сот оппозиционердин ишин кайра карап чыгууну токтом кылгандан кийин орун алган.

2017-жылы соттордун бардык инстанциялары Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп табышкан. Башында саясатчы мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга кесилген, бирок андан кийин мунапыска байланыштуу абак мөөнөтү 4,5 жылга кыскартылган.

Текебаев өзү Атамбаевдин бийлиги учурунда оппозициялык саясатчы болгон жана куугунтуктоону саясий жүйөөлөнгөн деп эсептеген.