«Озодлик»: Сох — Риштан жолу ачылды. Кыргыз өкмөтү муну четке кагууда

"Озодлик" үналгысынын видеосунан алынган скриншот

«Озодлик» үналгысы 31-августта Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган Сох — Риштан жолу ачылганын билдирди. Журналисттер жарыялаган тасмада, жолдун ачылышына байланыштуу азем өткөнүн, ага өзбекстандыктар менен кыргызстандыктар катышканын көрүүгө болот.

«Аткаминерлер Риштан менен Сохтун ортосундагы жаңы жолдун ачылышын “тарыхый окуя” деп аташты», — деп айтылат маалыматта.

Баткен облусунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы «Азаттык» үналгысына билдиргендей, иш-чара 30-августта өткөн. Жол өкмөттөр аралык келишимдин негизинде ачылган.

Кыргызстандын вице-премьер министри Жеңиш Разаков жол ачылганын төгүндөдү. Анын айтымында, Кыргызстан алгач ЕАЭБдин талаптарын аткарышы керек.

«Аталган аймакта жумуш абдан көп. Биринчи иретте, Евразия экономикалык биримдигине байланышкан иштерди жасашыбыз керек. Бул уюмдун алкагында Кыргызстанга жүктөлгөн ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук маселелери бар. Мына ушул жумуштар аягына чыкканга чейин жолду ача албайбыз», — деп түшүндүрдү Разаков.

2013-жылы январдын башында Өзбекстандын Сох анклавынын Хушьяр айылынын жашоочулары менен Кыргызстандын чек-арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалга кыргыз чек-арачыларынын анклавдын жанындагы чек-ара бекетине электр мамычаларын тартканы себеп болгон.

Жыйынтыгында Чарбак айылынын 30га жакын тургуну барымтага алынып бир суткадан кийин коё берилген. Ал эми өзбек тарап кыргыз чек арачылары чыгарган октон беш өзбекстандык жарадар болгонун билдиришкен. Кыргызстандын чек-арачылары аталган маалыматты четке кагышып, ок абага гана атылганын кабарлашкан. Чырдан кийин Сох — Риштан жолу жабылган болчу.