Бишкек шаардык соту Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту 4-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тааныды. Бул тууралуу журналисттерге анын адвокаты Сергей Слесарёв билдирди.

Анын айтымында, сот Атамбаевдин камакка алынышынын жана анын мыйзамсыз кармалышынын үстүнөн берилген адвокаттардын даттанууларын четке какты.

«Башкача чечимди деле күткөн эмеспиз. Уктуруу кандайча өтүп атканын көргөнбүз — Бишкек шаардык сотунда деп дайындалган болсо, иш жүзүндө УКМКда өткөрүштү», — деп келтирет 24.kg Слесарёвдун айткандарын.

Ал мурдагы президент тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып жатат деп кошумчалады.

«[Атамбаев] мыйзамсыздыкка каршы, анткени аны камакка алууга укуктары жок болчу [...] Ал конституциянын, мыйзамдын, укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушуна каршы нааразычылыгын билдирүүдө», — деди адвокат.

Анын айтымында, сот отуруму учурунда укуктук ченемдер бузулган, анткени ал жабык тартипте өткөн.

«Атамбаевдин 26-октябрга чейин камоо тууралуу арызыбыз боюнча жүйөөлөрүбүз таптакыр эсепке алынган жок. Жооп берилген жок, сот жөн гана арыз канааттандыруусуз калтырылды деп койду», — деди Слесарёв.

Атамбаев август айынын ортосунда өткөрүлгөн атайын операциянын натыйжасында кармалган. Азыр ал бир нече иш боюнча тергөөдө отурат. Алардын арасында коррупцияга байланыштуу иш да бар. Мурдагы президент 26-октябрга чейин абакта калтырылган.