Карамушкина адвокаттар коргоодон баш тартып жатышканына арызданды

Парламенттин депутаты Ирина Карамушкина 4-сентябрда ИИМге суракка чакырылган. Ал спецназчыларды барымтага алуу иши боюнча фигурант катары өтүүдө. Бул 7-август күнү күч органдарынын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн жасаган биринчи аракетинин учурунда болгон.

Карамушкина өзү бул кызыкчылыгын коргоодон баш тартып жаткан үчүнчү адвокат экенин «Клоопко» билдирди. Анын айтымында, юристтердин бирөөсү «бийликтин басымынан улам» кетип калган.

«Бул жагдайга байланыштуу мен биздин балдарга кайрылдым, алардын баарында бирөө жарым бар. Алар мага сунушташкан. Эртең башка адвокат болот. Принципиалдуу, өнүккөн, чечкиндүү, саясий басымдардан коркпой турган адвокат керек», — деди Карамушкина.

Ал жанында адвокат жок болгондуктан тергөөчүлөр суракка алышпагынан кошумчалады.

КДСПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева депутатты Анвар аттуу адвокат коргоодон баш тартканын «Клоопко» кабарлады. «Эмне үчүн экени азырынча түшүнүксүз. Балким аны коркутуп коюшкандыр. Азыр анда [Карамушкина] адвокат жана байланыш жок. Адвокат издеп жатабыз», — деп кошумчалады Жолдубаева.

Бирок юрист Анвар Курмушиев Ирина Карамушкинаны коргоодон баш тартпаганын «Клоопко» билдирди. Ал Карамушкина суракка чакырылганын билген эмесмин деп айтты.

«Туруктуу адвокаты [Карамушкинанын] бар болчу. Ал кайсы жакта экенин билбейм [...] Мен баш тарткандай болгон эмесмин. Эгер керек болсо аны коргоого даярмын. Менде жумуш көп, бирок дайыма [аны коргой] албайм», — деди ал.

Ирина Карамушкина — Алмазбек Атамбаевдин тарапташы. Ал мурдагы президент 9-августта бийликтин колуна түшүп бергенден кийин тергөөгө алынган. Карамушкина бир нече жолу суракка чакырылып, 22-августта сот аны үй камагына коё берген.