Контейнер мектеп. Коомдук тармактарда жаңы имарат курууга акча топтоо акциясы башталды

Сүрөт: Мирлан Кадыров / RFE / RL

Коомдук тармактарда Нарын облусунун Кеңеш айлында мектеп курууга акча чогултуу боюнча акция башталды. Бул аталган айылдын балдары контейнерлерде окууга аргасыз болуп атканы чагылдырылган сүрөт жарыялангандан кийин болду.

Контейнерлерден куралган мектептин ачылышындагы сүрөттөр социалдык тармактардын колдонуучуларында нааразычылык жаратып, алар балдар үчүн жаңы имараттын курулушуна акча чогултушаарын жарыялашты.

Джураев Абдушукурдөн 50 миң кирпич Нарындын Кеңеш айылындагы контейнер мектептин ордуна заманбап мектеп салуу...

Posted by Мырзабек Конурович on Tuesday, September 3, 2019

Акциянын демилгечилеринин бири Жамалбек Ырысалиев эгер бийликтин колунан келбесе жарандар акча чогултуп, Кеңеште мектеп куруп берүүгө даяр экенин айтты «Клоопко».

«Бул элдик демилге. Жардам бергиси келгендердин бардыгы чогулуп, кыш, цемент жана башка курулуш материалдары бар экенин жазышат», — деди Ырысалиев.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева «Клоопко» түшүндүрүп бергендей, контейнерлерден куралган мектеп — бул аргасыз чара, анткени айылдагы башка ылайыктуу имараттар авариялык абалда же бош эмес.

«Өкмөт 2015-жылдан тарта эле билет. Биз үйлөрдү, социалдык объектилерди издеп таппадык, анткени айыл кичинекей. Ээн үйлөрдү да таппадык. [...] Андан кийин Билим берүү министрлигинин айылга ӨКМдин мобилдик үйлөрүн көчүрүп барып, балдарды ошол жактан окута туруу тууралуу буйругу чыкты», — деп билдирди ал.

Ибраеванын айтымында, мектепке деп жалпысынан алты контейнер бөлүнүп берилген, анда эки нөөмөт менен 160 окуучу окуйт. Ар бир контейнер 15ге чукул адамды батыра алат. Контейнерлерде орун жетпей калган окуучулар коңшу жайгашкан ашканада билим алышат.

Ибраева жаңы мектептин курулушу азырынча баштала электигин, бирок жергиликтүү бийлик балдарды кышка чейин жайгаштыра туруу үчүн мектепке деп жаңы имарат издеп жатканын айтты.

Билим берүү министрлигинен бул жагдай боюнча комментарийди кийинчерээк берүүнү убадалашты.