Бишкек шаардык соту «Ачык саясат» гезитин депутат Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Бишкек шаардык соту 5-сентябрда буга чейинки сот инстанциясынын чечимин күчүндө калтырды. Судья «Ачык саясат» гезитин парламенттин депутаты Кожобек Рыспаевдин пайдасына 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова шаардык соттун чечиминин үстүнөн Жогорку сотко даттанмакчы.

Алгач Рыспаев гезиттен 300 миң сом талап кылган, бирок андан кийин сумманы 1 млн сомго чейин көтөргөн. Бирок сот алгач коюлган компенсациянын суммасын күчүндө калтырды.

Депутат гезит менен 2018-жылы августта жарык көргөн макаланын айынан соттошуп жатат. Макалада депутат бир партиядан башка партияга өтөт деп жазылган. Ал эми автор болсо эл өкүлүн материалында «хамелеон» деп атаган.