Контейнер мектеп. Бийлик мектепти эмдиги жылы куруп берүүнү убадалады

Өкмөт Нарын облусунун Кеңеш айылына мектепти активисттердин жардамын албай эле өз алдынча курат. Бийликтен билдиришкендей, мектептин курулушуна документтер даяр, бирок имаратты куруу 2020-жылы гана башталат.

«Жарандык активисттерге жаңы мектеп куруу үчүн каражат топтоо демилгеси үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок өкмөт Нарын облусунун Кеңеш айылында орто мектеп куруу маселесин чечет», — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Буга чейин жарандык активисттер айылда өз күчтөрү менен мектеп салуу үчүн курулуш материалдары менен каражат чогултууга даяр экендиктерин билдиришкен болчу. Бул акциянын демилгечилеринин бири Жамалбек Ырысалиев активисттер эми бийликтен мектептин курулушунун так мөөнөтүн талап кылышаарын билдирди.

«Алар качан башташаары азырынча так белгилүү эмес. Мамлекеттик акчалар тендер аркылуу өтөт, ар кандай процедуралар бар. [Балдар] кышында кантип окушат? Биз [бийлик] качан курулушту баштаарын, качан тендер жарыяланаарын жана капиталдык салым бар-жогун көрсөтүүсүн талап кылабыз», — деди Ырысалиев.

Ырысалиев айрым жарандар мектеп куруу үчүн акча которуп берип коюшканын, бирок уюштуруучулар каражаттарды кайра кайтарып беришээрин кошумчалады. Мындан тышкары, ал активисттердин бир бөлүгү имарат таап, окуучуларды жайгаштыруу үчүн Кеңешке айылына чыгып кетишкенин кабарлады.

«[Айылдан] 3,5 км алыстыкта пионердик лагерь бар. Балким алар ошол жерде окушаттыр. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, балдарды ошол жакка жиберсе болот», — деди активист.

Мурдараак өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева контейнерлерден куралган мектеп аргасыз чара экенин билдирген, анткени айылдагы башка ылайыктуу имараттар авариялык абалда же бош эмес.

Мектепке деп жалпысынан алты контейнер бөлүнүп берилген, анда эки нөөмөт менен 160 окуучу окуйт. Ар бир контейнер 15ге чукул адамды батыра алат. Контейнерлерде орун жетпей калган окуучулар коңшу жайгашкан ашканада билим алышат.