Нарын облусунун башчысы кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Бул тууралуу «Клоопко» өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарык укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев билдирди.

«Аманбай Кайыпович жумуштан өз калоосу менен кетүү туурасында арыз жазганын тастыктаймын. Эмне себептен кеткенин, арызды качан жазганы туурасында мага белгисиз», — деп түшүндүрдү Өмүрбаев.

Алгач Аманбай Кайыповдун отставкасы тууралуу жаңылык 4-август күнү кечинде пайда болгон — ЖМКлар бул кабар боюнча өкмөттөгү булактарына таянып жазып чыгышкан. Алардын маалыматына ылайык, Кайыповдун ордуна бул кызматка Нарындын учурдагы мэри Эмил Алымкулов дайындалышы мүмкүн.

Бирок 5-сентябрь күнү эртең менен Кайыповдун администрациясы алгач бул жаңылыкты төгүндөп, аткаминер «расмий түрдө иштеп эле жатат» деп билдиришкен.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Кайыповдун отставкасы боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Аткаминер Нарын облусунун Кеңеш айлында контейнерден куралган мектептин айланасындагы чуунун шартында отставкага кетти.

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы