Милиция Бишкекте мушташкандардын кармалышы боюнча жагдайды түшүндүрдү

Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматы аёосуз мушташка катышкандары үчүн бир нече күн издөөдө жүргөн эки адамды кармоонун айланасындагы жагдайды «Клоопко» түшүндүрүп берди.

ШИИББдин 6-сентябрь күнү эртең менен журналисттерге берген биринчи маалыматы боюнча, мушташка катышкандардын экөөсүн «милиция кармаган». Бирок Жалбырак ТВ телеканалынын журналисттери ушул эле күнү эртең менен алардын экөөсү ШИИББдин имаратына өздөрү келип, ошондон кийин аларды кармашканы тартышкан видеону жарыялашкан.

«Алар колго түшүп бергенден да милицияга келишти [...] Алар кол кишен, спацназ болушун каалашкан эмес, ошондуктан өздөрү келишкен», — деп түшүндүрүштү милициядан.

Ал жактан милиционерлер алар жашынып жүргөндө агасы менен сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн кошумчалашты. Качкындардын тууганы аларды укук коргоо органдарына алып келүүнү убадалаган.

«Милиция өзүнүн издөө иш-аракеттери менен шарт түзгөн, анткени алар бир нече жолу чек арадан өтүп кетүүгө аракет кылышкан, анан алар бул мүмкүн эмес экенин түшүнүшкөн», — деп айтышты ШИИББдин басма сөз кызматынан.

Ал жактан пресс-релиздин баштапкы мазмунун берүүдө «бир аз шашып калышканын» мойнуна алышып, ошондуктан журналисттерде мушташтын катышуучуларын кармоого байланыштуу суроолору жаралганын айтышты.

Бишкек шаардын ШИИББнин тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов 6-сентябрда билдиргендей, кармалгандардын экөө тең — бир тууган ага-инилер.

«Өз айыбын мойнуна алып келишкен эмес. Эки шектүү тең көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда [...] Милиция дээрлик изинин арты менен жүрүшкөн [...] Биз Бишкекте эле эмес, башка аймактардан да [издегенбиз]», — деп кабарлады ШИИББдин башчысы Канат Жумагазиев.

Учурда кармалгандардын экөөсү убактылуу кармоо изоляторунда. Алар «Адам өлтүрүүгө кол салуу» беренеси боюнча шектелип жатышат. Мындан тышкары, кармалгандар 10 жылдан тарта өмүр бою эрктеринен ажырап калышы мүмкүн.

Төрт киши катышкан мушташ Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде 28-августта орун алган. Мушташтын жыйынтыгында эки киши оор жаракат алган. Кийинчерээк алардын бирөө комага түшүп, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан. Экинчи жабырлануучуга операция талап кылынат.

Жаңжал чыккан жерге келген милиционерлер алгач мушташка катышкан эки кишини кармап, андан соң коё беришкен. Бирок көп өтпөй кайра издөөгө жарыялашкан. Милиционерлерге карата иликтөө иштери башталган. Жыйынтыгында ИИМ «ишеничти жоготкону» үчүн Чүй ОИИБнин майорун жумуштан алган — иниси мушташка катышканы үчүн ага издөө салынган. Мурдагы милиционер УКМКнын сурагына чакырылды.

Мындан тышкары Ленин райондук милициянын тергөө кызматынын башчысы жана тергөөчү ээлеген кызматынан бошотулган. Инспектор менен кезметте турган кызматкердин жардамчысына катуу сөгүш жарыяланган.