Мектеп окуучусуна футбол дарбазасы кулап, ал баш сөөгүнөн жаракат алды

«Ак-Ордо» конушунун 5-классынын окуучусу 6-сентябрда дене тарбия сабыгында баш сөөгүнөн жаракат алды. Окуучу реанимацияга жаткырылып, андан кийин нейрохирургия бөлүмүнө которулган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда анын абалы орточо оор деп айтылууда. Окуянын чоо-жайын комиссия иликтеп жатат.

«Келгенде эстен танып келген. Азыр жакшы, нейрохирургия бөлүмүнө которулду», — деди Балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков.

Бишкекте 2018-жылы жайында да ушундай эле окуя болгон. Анда да 11 жаштагы балага футбол дарбазасы кулап түшкөн — бул Пишпек райондундагы мини футбол аянтчасында болгон. Натыйжада өспүрүп башынан оор жаракат алгандыктан кайтыш болуп калган.