Бишкек: Аёосуз мушташка катышкандар эки айга ТИЗОго киргизилди

Бишкектин Свердлов райондук соту 7-сентябрда эки адамды токмоктоп, анын ичинен бирөөсү убактылуу комага түшүп калгандагы мушташка катышкандарды тергөө изоляторуна (ТИЗО) киргизди.

Мушташтын эки катышуучусу ТИЗО-1 абагына эки айлык мөөнөткө киргизилген. Шектүүлөргө каршы «Адам өлтүрүүгө кол салуу» беренеси боюнча айып тагылган. Алар 10 жылдан тарта өмүр бою эрктеринен ажырап калышы мүмкүн.

Мурдараак шектүүлөр издөөгө алынгандан кийин бир нече күн өткөн соң өз ыктыярлары менен милициянын колуна түшүп беришкен. Бирок милиция алар күнөөлөрүн сезип өздөрү келген эмес, алар атайын операциянын учурунда кармалышканын айткан.

Төрт киши катышкан аёсуз мушташ Бишкектин Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде 28-августта орун алган. Натыйжада эки киши оор жаракат алган. Кийинчерээк алардын бирөө комага түшүп, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан. Экинчи жабырлануучуга операция талап кылынган.

Окуя жүз берген жерге келген милиционерлер жабырлануучуларды сабаган эки кишини кармап, андан кийин коё берип жиберишкен. Мындан кийин шектүүлөргө издөө жарыяланып, ал эми милиционерлерге карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кылмышты жаап-жашыруу» беренелери боюнча иликтөө башталган.

Милиционерлерге карата жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн натыйжасында ИИМ Чүй ОИББнин майорун «ишенимди жоготкону үчүн» кызматынан бошоткон. Милициянын майору мушташкандардын биринин агасы экени белгилүү болгон

Майордон тышкары, Ленин РИИБинин тергөө кызматынын башчысы менен тергөөчүсү кызматтарынан бошотулуп, ушул эле РИИБдин инспектору менен кезметчинин жардамчысына катуу сөгүш жарыяланган.

Кийинчерээк милиционерлер да тергөө абагына киргизилген. Алардын адвокаты милиционерлер мушташтын катышуучуларын кезмет бөлүмүнө алып келип тапшырышканын, аларды ошол жактан бошотуп жиберишкенин билдирген.