Катуу шамал сизге же сиздин мүлкүңүзгө бак кулатты. Ким күнөөлүү? Мэрия жана юрист жооп берет

Албетте, шаарда бактын кулашынан улам жабыркап калуу ыктымалдыгы аз. Бирок катуу шамал болгондо бак мүлкүңүзгө, мисалы, машинаңызга залал тийгизиши мүмкүн. Мындай жагдайларда эмне кылышы керек?

Акыркы жолу мындай окуя 6-сентябрь күнү Бишкекте болду. Анда машинага бак кулап, үстүн катуу кыйраткан. Алдын алам версия боюнча, өсүмдүктүн кулашына чирип кеткен тамыры себеп болгон. Автотранспорттун ээсинин чыгымга учураганын эске албаганда эч ким жабыркаган эмес.

Мындай учурларда эмне кылыш керек жана ким күнөөлүү?

Юрист Дмитрий Нонун айтымында, биринчи жасай турчу кадам — сизге же сиздин мүлкүңүздүн үстүнө бактын кулашынан келтирилген зыянды баалаш керек. Бул коменсация алуу үчүн жасай турган биринчи кадам.

Экинчиден, бак кимге караштуу экенин тактоо керек, анткени бул сиз компенсация талап кыла турган адамды же уюмду аныктайт.

Эгер бак «Бишкек жашыл чарбанын» карамагында болсо, анда аларга арыз менен кайрылсаңыз болот. Мекеменин жообуна жараша сотко кайрылуу керек же керек эместигин чечиш керек.

«Бак кайсыл аймакта жайгашканынан көз каранды — “Жашыл чарбанын” же ЖАБдын карамагында. Бүткүл шаар аймактарга бөлүнгөн. Эгер бак курулуш компаниясынын аймагында болсо, анда ошол компания төлөйт», — деп билдирди ишканынын басма сөз катчысы Аида Аралиева.

Эгер мүлкүңүз камсыздандырылган болсо, компенсация үчүн камсыздандыруучу компания күрөшөт. «Зыяндын өлчөмү келишимдеги камсыздандыруу суммасынан эсептелинет, бирок алгач алдын ала баалоо жүргүзүлөт», — деди юрист.

Бирок, компенсация талап кылууда эске алчу кээ бир учурлар бар. Мисалы, эгер автоунааңыз уруксат берилбеген жайда токтотулган болсо, келтирилген зыяндын ордун тургузуу кыйыныраак болот.

Эгер бактын кулашы адам өлүмүнө алып келсе (2016-жылы ушундай окуя болгон), анда мэрияга эле эмес, укук коргоо органдарына да кайрылса болот. Юристтин айтымында, милиция текшерүү иштерин жүргүзүп, жооп бере турчу аткаминерлерди тартышы керек.